KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 6-декабрда өткөн отурумда мойнун тилип жиберип, эс-учун жоготту.
Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармакта кабарлады.
Видеодо аны конвойлор көтөрүп баратышканын көрүүгө болот.
Соттук отурумдун жыйынтыгында ишкердин абактагы мөөнөтү 2025-жылдын 8-февралына чейин узартылды.
Имамидин Ташовду тез жардам унаасы менен шаардык ооруканага алып кетишти.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерди быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.