Connect with us

Экс-министр Алмазбек Бейшеналиев менен профессор Салидин Калдыбаевдин китеби чыкты

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 495 | 0

Тарых илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Бейшеналиев менен педагогика илимдеринин доктору, профессор Салидин Калдыбаевдин биргелешип жазган «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» аттуу окуу куралынын бет ачары болду.

Китептин бет ачарына кыргыз педагог окумуштуулары, жогорку окуу жайлардын педагогика кафедрасынын окутуучулары, окуу жайдын жетекчилери, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.

Китептин авторлору анын мазмуну, камтылган идеялары, дүйнөлүк алкакта таалим-тарбиялоонун жана педагогикалык ойлордун пайда болушунан баштап, учурдагы абалына чейинки мезгилди камтыган маалыматтарды айтышты.

Screenshot

Copyright © 2017 Maral FM