Президент Садыр Жапаров ага кайрылган алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөргө Facebook баракчасы аркылуу кайрылып, алкоголдук продукцияларга акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартуу өтүнүчүнө жооп берди.
Анын айтымында, алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт.
«Бул мүмкүн эмес. Анткени менин тапшырмам менен тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышты. Азыр «Учкун» басмаканасы жогорку деңгээлдеги коргоо элементтери менен акциздерди басып чыгарууда.
Эмне үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштады? Анткени буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген. Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып келген. Натыйжада миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калып жаткан», — деди ал.
Муну менен катар президент Салык кызматынын айрым кызматкерлеринин укук коргоо органдары тарабынан кармалып жатышынын бир себеби дагы дал ушуга окшогон схемаларга байланыштуу болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал мындан ары өлкөдө бир гана «Учкундан» басылып чыккан акциздер болорун кошумчалады.