Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкө боюнча 2732 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымдын көлөмү 688 млн 410 миң сомду түздү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 34 адам каза тапса, алардын алтоосу балдар. Жабыркагандардын саны 22 адамды түзөт.
Ал эми өткөн жылдын 11 айында 3174 өрт кырсыгы катталып, материалдык зыян 1 млрд 290 млн 195 миң сомго жеткен.
Адам өлүмү боюнча 33 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 29 адамды түзгөн.