Connect with us

Ташиев: Эми айыппул салынбайт, жемкорлор камалат

Кыска кабар | 5 Дек 2024 | 269 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция кылган мамлекеттик кызматкерлерге карата жазаны күчөтүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунушталып жатканын айтты. Ал долбоор тууралуу парламенттин 5-декабрдагы жыйынында маалымат берди.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы жемкорлукту жоюу боюнча ички саясатты ишке ашыруунун алкагында мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ташиевдин айтымында, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатат, бирок ага карабастан жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калууда, айрым жерлерде өсүп да кетти. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталууда.

УКМК төрагасы жазанын мөөнөтүн узартуу эмес, кылмыш жоопкерчилигин күчөткөн таасирдүү ыкмалар сунушталып жатканын билдирди.

Кандай өзгөртүүлөр кирет?

-Коррупциялык кылмыштарды кылгандыгы үчүн айыппулдарды жокко чыгаруу,

-коррупциялык кылмыш жасаган адамдарга күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо,

-соттолгондугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө тыюу салуу,

-жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыш жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу бар болсо, аларды аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот тутумуна кабыл албоо,

-коррупциялык кызматка барган мамлекеттик кызмат адамдарына айыппул төлөтүү каралган, мындайда жазасыз калуу сезимин пайда кылат. Ушуга байланыштуу айыппул гана салбастан реалдуу мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратып, кызматка баруусуна тыюу салуу сунушталат.

Copyright © 2017 Maral FM