4-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.
Анда өкмөттүк делегациялардын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.
Ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жумушчу топторуна жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмалары берилди.