Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасынын тилкелерин тактоо иштери аяктаганы кабарланды

4-декабрда Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.  

Анда өкмөттүк делегациялардын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты.

Ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жумушчу топторуна жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмалары берилди.  

Exit mobile version