Connect with us

Гвинеяда оюнда калыстын чечимине нааразычылык жаралып, тебелендиде 56 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 555 | 0

Бүгүн 2-декабрда Гвинеяда футбол оюну учурунда калыстардын талаштуу чечиминен улам эл толкуп, 56 адам тебелендиде көз жумду.

Каргашалуу оюн Нзерекор шаарындагы стадиондо Гвинеянын аскерий лидери Мамади Думбуянын урматына өткөрүлгөн турнирдин финалында болгон.

Жергиликтүү бийлик кээ бир күйөрмандар оюн учурунда таш ыргытып, дүрбөлөңгө түшүп, тепсенди жаратканын билдирген. Өкмөт кырсыкка айланган окуяны териштирүүгө убада берди.

Ошондой эле каза тапкандардан жана жабыркагандардын арасында көпчүлүгү жашы жете элек балдар экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM