Жогорку Кеңеш 28-ноябрдагы жыйынында милиция кызматкеринин ишине тоскоолдук кылып, видеого тартып, аларды каралоо максатында жарыялгандарды жазага тарткан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Сүйүнбек Өмүрзаков депутаттардан жана өкмөттөн келген сунуштар каралып, өзгөртүүлөр экинчи окуудан киргизилерин айтты. Концепциясы биринчи окууда колдоо тапты.
Буга чейин 30-октябрдагы отурумда депутаттар бул мыйзам долбоорун артка кайтарган.
Мыйзам долбоорунун авторлору коомдо күч органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, мазактоо, кемсинтүү жана каршылык көрсөтүү фактылары, ошондой эле алардын кызматтык милдеттерин аткарууда ишине мыйзамсыз кийлигишүү, каралоо максатында фото жана видеолорду социалдык тармактарга жайылтуу фактылары күчөгөнүн белгилешет.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбаган 82 факты катталса, 2023-жылы 128 факты катталган.
Буга байланыштуу депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырысбек Атажанов Кылмыш-жаза кодексине бир катар түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.
Мыйзам долбооруна ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баш ийбөө, алардын ишине кийлигишүү жана дискредитациялоо максатында тартылган видеолор үчүн 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 5 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу жазасы каралат.
Коомдук тартипти сактоо менен алектенген кызматкерлерге каршылык көрсөтүү же кызмат милдетин аткарып жаткан адамга зомбулук көрсөтүү үчүн 500дөн 2000ге чейинки эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу же 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чаралары каралган.