Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында белгилүү хирург Эрнст Акрамовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ал 89 жашында каза болду, анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Эрнст Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.
1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1992-жылдан тарта Чүй облустук ооруканасынын хириргуясынын башчысы болуп иштейт.
IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
2023-жылы Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылган.