Connect with us

27-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Ноя 2024 | 129 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 27-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -1…+1°, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM