Connect with us

ТИМ: Дээрлик 72 миң кыргызстандык Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 111 | 0

Орусиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, ушул жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын 71 миң 949 жараны өлкө аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен («тобокелдик зонада») жүрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын бул категориясына Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында алардын эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы жөнүндө ж.б. жөнүндө маалымат жок адамдар кирет.

Эгерде алардын Орусиянын аймагында мыйзамдуу жүргөндүгүн тастыктаган жарактуу документтери болсо, жарандар Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, тиешелүү маалымат базасына киргизип «тобокелдик зонасынан» өзүн алып салуу үчүн документтерин бериши керек.

Орусия Федерациясында «тобокелдик зонасында» турган Кыргызстандын жарандары тууралуу маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жакын арада https://migrant.kg порталына жайгаштырылат. Жарандар бул тизмеден өздөрүн өз алдынча текшерип, РФ аймагында өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн алдын ала зарыл чараларды көрө алышат.

Министрлик мурда маалымдагандай, 2025-жылдын 5-февралынан тартып Орусияда «Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Орусиянын аймагында мыйзамдуу негиздери жок жүргөн жана өлкөдөн чыкпаган же Орусияда жашоо үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбогон чет өлкөлүк жарандар контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилет жана аларга карата чыгаруу режими колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM