Connect with us

«Кумтөр» ишканасы жыл башынан бери 9,3 тонна алтын өндүрдү

Кыска кабар | 21 Ноя 2024 | 124 | 0

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК үстүбүздөгү жылдын 10 айында 9 тонна 316 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде ишкананын президенти Алмазбек Барыктабасов кабарлады.

Анын айтымында, ишкана 2024-жылдын 10 айга 9 тонна 197 киллограмм планын койгон. Алтын өндүрүү боюнча план ашыгы менен аткарылган.

«2021-жылы 14 тонна алтын өндүрүлгөн. 2022-жылы 17,3 тонна. 2023-жылы 13,5 тонна. Ал эми 2024-жылдын 10 айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК 9 тонна 316 килограммды түздү. Жалпысынан ушул толук эмес үч жыл ичинде «Кумтөр Голд» ишканасы 40 тоннадын ашык алтын өндүрүлдү», — деди ал.

Ошондой эле ал мамлекетке өткөн үч жылга жетпеген убакытта Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашканын белгиледи.

«Үч жыл арасындагы убакытка токтоло кетсек, 2021-жылы таза кирешебиз 233 млн доллар, 2022-жылы 372 млн доллар, 2023-жылы 302 млн долларды түздү. Ал эми 2024-жылдын октябрь айын кошо эсептегенде Күмтөрдүн таза кирешеси 266 млн долларды түздү. Жалпылай сумманы алсак, толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 174 млн доллардан ашты», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM