Connect with us

Батыш автобекетинин мүлкү, жер участоктору менен кошо мэрияга берилди

Кыска кабар | 20 Ноя 2024 | 155 | 0

Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинин мүлкү тийиштүү жер участоктору менен акысыз пайдаланууга мэриясына өткөрүп берилди.

Бул тууралуу кабар Токтом маалыматтык укуктук порталына жарыяланды.

Жаңы автобекет иштеп баштаганга чейин облус ичиндеги, облустар аралык жана эл аралык каттамдардын шаар четиндеги жана шаар аралык маршруттарын тейлөө үчүн мэрияга убактылуу автостанцияларды уюштуруу тапшырылды.

-Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан «Ак-Кула» муниципалдык ишканасынын жаңы ипподромунун аймагында (МАИ постуна жакын айыл чарба багытындагы жерлер):

-батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды;

-эл аралык автобустук маршруттарды, Талас облусуна жана түштүк региондорго багытталган автобустук маршруттарды;

2) Ч.Валиханов көчөсү менен Шабдан Баатыр проспектинин кесилишинде жайгашкан Бишкек троллейбус башкармалыгынын ДЕПО-2нин аймагында:

-чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги маршруттарды.

Бишкек шаарынын мэриясына убактылуу автостанциялардын иштөө режимин, убактылуу автостанциялардын аймагында жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана убактылуу автостанциялардын кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуу тапшырылды.

Быйыл 23-октябрдан баштап Бишкектеги батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толук токтотту.

Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен каттап калды.

Нарын жана Ысык-Көл облусуна каттамдар былтыр жаңы курулган “Бишкек автобекетинен” кете баштады. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар Сокулук районундагы бөлүнгөн жерге көчүрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM