Connect with us

Ымыркайда жүрөк кемтиги эмнеден улам пайда болот?

Блог , Ден соолук | 26 Ноя 2024 | 1071 | 0

«Бикард» клиникасынын негиздөөчүсү, кардиолог Дамир Осмонов жүрөк кемтиги бардык жарандарда бирдей болбостугун, анын бир канча түрү бар экендигин “Маралдын” эфиринде айтты.

Анын айтымында, жүрөк кемтигинин кээ бир түрлөрүн дарылоого кажет жок, алар жүрөк кемтиги менен оорубагандай эле жашайт. Ал эми айрымдарына наристе төрөлгөн учурда дароо жасалса, кээ бирине убакыт өткөндөн кийин жасалат.

Кардиолог Дамир Осмонов жүрөк кемтиги эмнеден улам пайда болоорун айтты.

«Жүрөк кемтиги бардык бейтаптарда бирдей болбойт, ар кимде ар кандай болуусу мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда, жеңил, орто, оор деп үч түргө бөлүнөт. Азыр УЗИнин жардамы менен курсактагы балада жүрөк кемтигинин бар-жогун аныктоого болот. Жеңил түрү — мында жаран өмүрүнүн акырына чейин жүрөк кемтиги жок адамдардай эле жашайт. Аларга эч кандай операция жасоонун кажети жок. Ал эми орточо түрү менен ооруган бейтаптар дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруусу керек. Кардиолог жүрөк кемтигинин көлөмүн, абалын, жүрөктүн күчүн, клапандарга тийгизген таасирин карап, оорунун белгилери барбы жокпу көзөмөлдөп турат. Бейтаптарда оорунун белгилери кээде 10 жашта, кээде 20 жашта, айрым учурда 40, 50 жашка чыкканда белгилүү болуусу мүмкүн. Белгилери пайда боло баштаганада тамыр аркылуу операция жасап, кемтиктреди бүтөп коюга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле оор түрүнүн да бир канча түрлөрү бар. Анда кээ бир бейтаптарды төрөлгөн учурда дароо операция жасоо керек, кээ бирин бир, эки жашка чейин айрым учурда андан да көбүрөөк күтүү керек болот.

Жүрөк кемтигинин пайда болуусунун себептеринин бири тукум куучулук өзгөчөлүктөрү болуусу мүмкүн. Анда баланын атасында же апасында, балким туугандарынын биринде жүрөк кемтиги болушу мүмкүн. Эне боюнда болгон учурда, өзгөчө алты жума менен он эки жуманын ортосундагы аралык кооптуу. Тактап айтканда радиация, токсикалык заттар, тамеки, спирттик ичимдиктер же болбосо балага зыян бере турган дарылар оор заттарга кирет. Же вирустук инфекция менен же сасык тумоонун айрым түрлөрү бар ошону менен ооруганда балада жүрөк кемтиги пайда болуу ыктымалдуулугу көбөйөт».

Ал балада жүрөк кемтиги пайда болуусу бир гана энеден көз каранды эместигин, атанын да таасири бар экендигин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, ата баланы пландоого чейин тамекини, спирттик ичимдиктерди же наркотикалык заттарды көп колдонуп жүргөн болсо, атанын да таасири тиет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM