Connect with us

АКШ: Байден Трамп менен жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 514 | 0

13-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолугушту.

Жолугушууда АКШнын азыркы президенти Жо Байден Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, бийликти мыйзам чегинде, тынч жол менен өткөрүп берүү ниетин билдирди.

Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Байденге утулганда бийликти расмий өткөрүп берген эмес.

Шайлоо кампаниясынын маалында Байден Трампты «демократияга коркунуч» катары мүнөздөсө, Трамп Байденди “компетентсиз” деп атаган.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен ашык добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи уткан.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясы 20-январда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM