Connect with us

Депутат: Бишкекте коомдук транспорттун аздыгына нааразылык көбөйдү

Кыска кабар | 13 Ноя 2024 | 139 | 0

Бишкекте коомдук транспорттун аздыгына шаар тургундары нааразы болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин 13- ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев маселе көтөрдү.

Ал коомдук транспорттун аздыгы жарандарга кыйынчылк жаратып жатканын айтты.

«Бишкекте коомдук транспорт боюнча тургундардан нааразычылык түшүп жатат. Троллейбус жок, эл жумушка, окууга убагында бара албай жатат. Шаарда качан коомдук транспорт маселеси чечилет? Аймактардан Бишкекке дарыланганы, окуганы, иштегени же башка жумуштар менен келген адамдар да кыйналды. Убактылуу автобекетке чейин келет таксисттер «андан ары өзүңөр кете бергиле» дейт. Жаңы автобекет ачылганы жакшы, ачуу керек. Бирок биринчи шарт түзүү керек да. Азыр кыш келди, кышында эл кандай кылат? Адамдар жөө басуусу керекпи?».

Депутат троллейбустарды каттамга кайтарууну талап кылды.

Үстүбүздөгү жылдын  4-ноябрынан тарта Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммитин өткөрүүгө байланыштуу борбор калаада троллейбус каттамдары токтотулган. Иш-чарага келген делегациялардын коопсуз жана тоскоолдуксуз жүрүүсүн уюштуруу максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылган.

Мэрия масштабдуу иш-чараларды уюштурууда троллейбустар иштен чыгып, жол тыгыны жаралган учурлар буга чейин кездешкенин билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү күндө эки троллейбус токтотуучу жайда (депо) Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосунун эсебинен электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу троллейбустардын кыймылы токтотулду.

Буга чейин троллейбустардын ордуна эл аралык талаптарга жооп берген заманбап электробустар келери маалымдалган.

Бүгүнкү күндө борбор калаада 1200дөн ашык автобус 56 каттам боюнча иштейт. Муниципалдык автобустардын жүрүү аралыгы орто эсеп менен 10 мүнөттү түзөт.

Троллейбус каттамдарынын ордуна жаңы автобус линиялары ишке киргизилет.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада троллейбус менен жүргөндөр азайганын, 2023-жылдын беш айында 11 миллион 700 миңден ашуун жаран троллейбус колдонгонун айткан.

Ал эми быйылкы жылдын жай мезгилине чейин троллейбус менен 8 миллион тургун пайдаланган. Шаар мэри троллейбустардын ордуна 120 электробус алынарын айткан.

Бишкекте коомдук транспорттон троллейбустар алынарына байланыштуу жарандык активисттер нааразылык билдирип, бир катар акцияларды өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM