Connect with us

Жыл башынан бери өлкөнүн товар жүгүртүүсү 12 млрд долларды түздү

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 99 | 0

Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 12 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 28,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 3,7 пайызга көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрында 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 15,2 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде өлкөнүн өз ара соодасынын эң көп үлүшү Орусияга (72,5 пайыз) жана Казакстанга (25,7 пайыз) туура келди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM