Connect with us

Жапаров Бакуда климаттык саммитке катышат

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 95 | 0

Президент Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Бакуга иш сапар менен барды.

Иш сапардын алкагында 12-ноябрда Мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте БУУ КӨАК КОП29 талааларында уюштурулуп жаткан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” иш-чарасында Президент Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Поуделдин, ошондой эле башка делегациялардын жана эл аралык уюмдардын башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү болот. Аталган иш-чара 13-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM