Connect with us

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 38 мектеп курууну карайт

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 116 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту.

Мамлекет башчы Фонддун ар кыл тармактардагы долбоорлорду каржылоого активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы программаларды тездетип аяктоо жана экономика менен социалдык чөйрөдөгү кызматташтыктын жаңы этаптарын баштоо үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президент мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында турак жай куруунун экинчи фазасы үчүн каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Сауд өнүктүрүү фондунун жетекчиси Султан Абдурахман Аль-Маршад Фонд кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүүнү карап чыгарын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Султан Абдурахман Аль-Маршадды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM