Connect with us

Ашууларда оор жук ташуучу унааларга чектөө алына элек

Кыска кабар | 7 Ноя 2024 | 116 | 0

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам бар.

Ушундай эле жумуштар Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында аткарылып жатат. Жол ачык.

Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жүрүүдө. Каттам бар.

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар. Аймакты караган №960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жол тазалоо иштери аткарылууда. Азыркы тапта кардын калыңдыгы 15-20 см жетти.

Транспорт министрлиги айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM