Connect with us

Бишкекте «Чексиз спорт» пара марафону өтөт

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 148 | 0

15-ноябрда Бишкектеги  Дөлөн Өүрзаков атындагы стадиондо «Чексиз спорт» пара марафону өтөт. Бул тууралуу Дене трабия жана спорт департаменти билдирди.

Дене трабия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, пара марафонду Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясы, «Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети» коомдук бирикмеси, «Жеңил атлетика федерациясы», жана «Дүйнөлүк марафон дирекциясы» коомдук бирикмеси уюштурууда.

Марафондун максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, калкты спортко тартуу жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөө. Бул марафон инклюзивдүү спортту колдоого жана ар бир адам үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 15-октябрынан баштап 6-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Катышууну каалаган спортчулар өзүлөрүнүн жеке маалыматтарын жана медициналык маалыматын төмөнкү дарекке жөнөтө алышат: runthesilkroad@gmail.com.

Кошумча маалымат жана катталуу боюнча суроолор үчүн: 0500 33 99 70.

Дене тарбия жана спорт департаменти бардык каалоочуларды катышууга жана спортчуларды колдоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM