Кара-Балтада жаңыланып жасалган спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ачылышына Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Анда «Кыргыз алтын» жана «Талант» футбол клубдарынын беттеши болуп, концерттик программа менен коштолду.
УКМКнын маалыматына караганда, спорт комплексин реконструкциялоого 216 млн сом сарпталды.
Анда 3 кабаттуу мейманкана, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейн, бокс жана күрөш залдары, футбол талаасы жана эки кичи футбол аянтчасы бар.