Connect with us

Кыргыз милициясына 100 жыл: кылмыштуулук 50%га азайды

Кыска кабар | 2 Ноя 2024 | 174 | 0

Ички иштер министрлиги 100 жылдык мааракесин белгиледи. Иш-чара Бишкекетеги “Ала- Тоо” аянтында болду. Анда ички иштер кызматкерлеринин 100 жылда басып өткөн жолу сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Презтдент Жапаров өлкө боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогорулаганын, Баткенде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсе көтөрүлгөнүн айтты.

Ошондой эле ал Кыргызстанда  кылмыштын катталуусу дээрлик 50%га төмөндөгөнүн белгиледи.

«Өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулуп, алар аркылуу күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлүп, жалпыга бирдей болгон коомдук тартип сакталып келүүдө.

Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында эле «Коопсуз шаар» долбоорун Ички иштер министрлигинин карамагына толугу менен өткөрүп берүү Жарлыгын чыгарып, бир катар тапшырмаларды бердим. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги бул долбоорду “Коопсуз өлкө” долбооруна айлантып, жалпы республикага жайылтууга бел байлап турат. Мунун баары элибиздин коопсуздугуна, кылмышы жана укук бузуусу жок өлкөнү курууга карата жасалган мамлекеттик деңгээлдеги кадамдар экенин баса белгилеп кетейин», — деди президент.

Президент соңку жылдары Ички иштер министрлигине жакшы шарт түзүлүп, материалдык-техникалык базасы заманбап жабдыктар менен камсыздалып жатканын кошумчалады.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун айтымында, милиция тармагында кесипкөй адситер иштеп жатат. Ошондой эле заманбап техникалар менен камсыздалып, керектүү шарттар түзүлүп жатат.                                                                                                                                                           

«Азыр кыргыз милициясында билимдүү, мыкты адистик даярдыктан өткөн кесипкөй, маданияттуу, жогорку адамгерчиликтүү кызматкерлер иштейт деп сыймыктануу менен айта алам. Кыргыз милициясы басып өткөн бир кылымдык жол күрөштөргө, кармаштарга толгон, оор жана  татаал болсо да жеңиштүү жана жемиштүү, сыймыктуу жол болду.

Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жаңы кадамдар менен иштеп баштады. Заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо алгылыктуу колго алынып коомдук тартипти сактоодо ийгиликтерди жарата алды. Ички иштер министрлиги тарабынан ордо калаабыздан баштап, алыскы айылдарга чейин кызматтар үчүн жүздөгөн имараттар, бөлүмдөр, айылдык милиция бөлүмчөлөрү курулуп, оңдолуп түзөлдү. Акыркы  4 жыл ичинде эле Ички иштер министрлиги тарабынан 702 автоунаа коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү максатында жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине таратылып берилди».

Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жоокерлери.

Ички иштер министрлигинин милициянын атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отряды.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM