Connect with us

12 жылдык билим берүү системасына өтүү концепциясы бекитилди. Жол-жобосу

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 259 | 0

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанды 12 жылдык жалпы билим системасына өткөрүү жөнүндө концепция бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

12 жылдык окууга өтүү жөнүндө концепция эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизделип, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда министрлик тарабынан иштелип чыккан.

Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо.

12 жылдык окутуу системасына өтүүдө мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Нөлдүк класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан бара баштайт.

Концепцияга ылайык, мугалимдерди даярдоону, окуу стандарттарын жана программаларын түзүүнү жана ыңгайлаштырууну, мектептердин инфраструктурасын жаңылоону камтып, бир нече жылдын ичинде этабы менен киргизилет.

Ишке ашыруунун негизги этаптары:

Даярдоо этабы – 2021-жылдан 2025-жылга чейин. Бул мезгилде билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтүшөт, инфраструктура даярдалат.

Старттык этап – 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат.

Мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.

Эч ким классты бир жолудан ашык аттабайт. Бардык өтүүлөр 2025/2026-окуу жылынан 2027/2028-окуу жылына чейин болот.

2025/2026-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

2026/2027-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

2027/2028-окуу жылында:

11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.

11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.

Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт.

Акыркы этап – 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.

Толук 12 жылдык мектептин биринчи бүтүрүүчүсү 2036/2037-окуу жылында (2019-жылы туулган) болот.

Copyright © 2017 Maral FM