Connect with us

Акыйкатчы Сокулукта сабалган 22 жаштагы келиндин укугун коргоого чакырды

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 372 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Сокулукта үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 22 жаштагы келиндин укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.

«Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып, ооруканага түштү. Мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл», — дейт акыйкатчы.

22 жаштагы келиндин зомбулукка кабылгандыгы боюнча маалымат түшүшү менен институттун кызматкерлери ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алган.

Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиев жабырлануучунун абалы орточо оор экендигин айткан.

«Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала, гематома. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары, мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт», — деп айткан дарыгер.

Институттун кызматкерлери жабыркаган келиндин апасы менен да байланышкан. Анда кызы 16 жашында турмушка чыкканын, алар жакында эле миграциядан келгенин айткан.

Ошондой эле ата-эне күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылат.

«Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок, «апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем» деп коркутуп жүрчү экен. Кыздарынын көзүнчө сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр. Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөө балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек», — деген жабырлануучунун апасы.

Үй-бүлөнүн алты жана үч жаштагы эки кызы бар. Алар учурда апасынын туугандарында экендиги маалым болду.

Окуя 28-октябрдын таңында болгон. Маалыматка караганда, 25 жаштагы К.М. аттуу жаран жубайын үч саат бою кыйнаган. Ал милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси («Үй-бүлөлүк зомбулук») боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Акыйкатчы институту жабырлануучуга укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүүдө. Андан тышкары институттун кызматкерлери бекер жактоочу менен камсыздоого жана психологиялык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM