Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык тайбоксчулар Азия чемпионатында 11 алтын, эки күмүш утту

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2024 | 119 | 0

Тайбокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Азия чемпионатында 11 алтын эки күмүш медаль жеңди.

Алтын медалды Рамис Масловец, Диана Заинитдинова, Алия Саалыева, Милана Шихшабекова, Аделя Асылбек кызы, Махабат Орозбекова, Альберт Бактыбеков, Элазан Замирбеков, Ихтияр Каныметов, Султан Амангелдиев,  Дмитрий Луговой утушту.

Ал эми күмүш медалдын ээлери — Ильяс Абдулин. Ахмед Ашурбеков.

Тайбокс боюнча мелдеш 3-6-октябрь күндөрү өтүп, курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дилшат Даутов, Александр Кононенко жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Табылдиевдин жетекчилиги алдында катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM