Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Гендердик теңсиздик маселеси олуттуу көйгөй бойдон калууда

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 84 | 0

Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Таиланддын Бангкок шаарында Омбудсмендердин Азия-Тынч Океан форумунун 29-жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева форумда гендердик теңчилик көйгөйүнө токтолгон:

«Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктарынын корголушу менин өзгөчө көңүл борборумда. Ата-энеси миграцияда жүргөн, жарым жетим, томолой жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыздары эрте никеге турууга аргасыз болушууда. Ошондуктан, калктын аярлуу катмарынын арасында гендердик теңсиздик маселеси олуттуу көйгөй бойдон калууда», — деди Акыйкатчы.

Ошону менен катары эле, форумда негизинен глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн адам укуктарына тийгизген таасири, гендердик теңчилик жана жаш кыздардын эрте никеге туруу маселелери көтөрүлгөн.

Омбудсмендердин Азия-Тынч Океан форумуну жыл сайын уюштурулат. Форумдун максаты – катышуучу — өлкөлөрдүн улуттук укук коргоо институттарынын өнүгүшүнө жана чыңдалышына эл аралык кызматташтыкты координациялоо, окутуу, тажрыйба жана ресурстарды жайылтуу аркылуу көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Жыйынга 26 өлкөнүн адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышкан. Анын ичинен, 16 өлкө аталган форумдун толук кандуу мүчөсү «А» статусу менен, 9 өлкө «В» статусу менен катышуучу болуп жана Афганистан көз карандысыз мүчө катары катышты.

2012-жылы Улуттук укук коргоочу мекемелердин Глобалдык альянсы Кыргызстандын Омбудсмен институтуна Париж принциптерине толук шайкеш келбейт деген негизде «Б» статусун ыйгарган.

Азыркы учурда «В» статусу менен Акыйкатчы Глобалдык альянсынын чогулуштарына гана катышып, бирок, добуш бере албай жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлей албай келет.

Белгилей кетсек, Азия-Тынч Океан (АТФ) форумуна толук кандуу мөчө болуп, добуш берүү укугуна, олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө катышуу үчүн «А» статусуна ээ болуусу зарыл.

Кыргызстандын Акыйкатчы Институту аталган эл аралык форумдун «А» статусун алуу үчүн Омбудсмендин көз карандысыздыгын жогорулатып, эл аралык келишимдерди ратификациялоону алга илгерилетүү жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарды сактоо үчүн үчүн мандатын жогорулатуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM