Биз менен байланышыңыз

Анкарадагы жардырууда жабыркаган кыргызстандыктар жок

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 93 | 0

Түркиянын Анкара шаарында 23-октябрда болгон окуяда жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул окуя боюнча Түркиянын компетенттүү органдарынан маалымат сурамжылады.

«Түркиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын жарандары жок», — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын TUSAŞ аэрокосмостук компаниясынын мекемесинде болгон терактан 5 адам каза таап, 22 адам жарадар болгондугун Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM