Connect with us

Садыр Жапаров Путин менен жолукту

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 148 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-октябрда иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчыны Казань шаарындагы Г.Тукай атындагы эл аралык аэропорттон  Татарстандын башчысы Рустам Минниханов тосуп алды.

Андан соң мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орусиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуусу “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборунда өттү.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.

Расмий делегациясынын курамында:

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM