Биз менен байланышыңыз

Парламент Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 127 | 0

Жогорку Кеңешт 23-октябрдагы жыйынында Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, Медербек Сатыевдин талапкерлигин талкуусуз колдоду.

Жыйында деуптат Надира Нарматова талапкер менен суроо- жооп кылбастан, дарооо добуш берүү сунушун берди. Депутаттын сунушу менен Медербек Сатыевдин талапкерлигине талкуусуз добуш берилди.

Буга чейин Соттор кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдоо тапкан.

50 жаштагы Медербек Сатыев Ош шаарында туулган, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинин бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук Сот департаментинин бөлүмүндө баштаган.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын мүчөсү болгон.

2020-жылдын октябрында окуяларынан кийин ал президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2021-жылдын июнунан 2022-жылдын сентябрына чейин Президенттин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң 2022-жылдын сентябрынан 2023-жылдын ноябрына чейин КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору болгон.

Андан кийин Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору. Ал эми 2024-жылдын башында Жогорку сотунун судьясы болуп шайланган.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши жана Жогорку Кеңеш карап, макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM