Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө тигүү өндүрүшү автоматташтырылган системага өтүүдө

Кыска кабар | 22 Окт 2024 | 93 | 0

Кыргызстанда тигүү өндүрүшү автоматташтырылган системага өтүүдө. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Алсак, Basico Premium ири тигүү фабрикасы толук автоматташтырууга өтүүнү аяктады. Жаңы техникалар боюнча өндүрүштү ишке киргизүү аземине Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышты.

Фабрикада Борбор Азияда теңдеши жок уникалдуу жабдуулар колдонулат. Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү болуу менен ишкана палата менен активдүү кызматташып, анын кызматтарынан пайдаланат. Бул өнөктөштүктүн аркасында фабрика заманбап жабдууларга ээ болуп, Европанын жана Борбор Азиянын экспорттук рынокторуна чыга алды.

Өндүрүштө 200дөн ашык адам иштейт. Компания өзүнүн бренди менен кийимдерди чыгарат, ошондой эле тигүү жана аутсорсингге заказдарды кабыл алат. Өткөн жылы фабрика 350 даанага чейин чыгарууга жетишкен. Быйыл аянты 1500 чарчы метр тигүү фабрикасын ишке киргизди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM