Биз менен байланышыңыз

Кайгуул милициянын эки инспектору пара алууга шек саналып кармалды

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 80 | 0

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Кармалгандар сый акы (пара) алып, Кыргызстандын жаранынын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышканы аныкталды.

Тактап айтканда К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан, андан кийин баасы 13 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда инспекторлордун жумушчу кабинеттеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылып алынган.

Кармалган инспекторлор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM