Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ленин районундагы мыйзамсыз жарнак такталары алынууда

Кыска кабар | 17 Сен 2024 | 115 | 0

Бишкек шаарынын Ленин районунда жарнамалык көрнөктөрдү жана такталарды талапка ылайык келтирүү боюнча рейддер өткөрүлдү.

Мэриянын маалыматына караганда, рейд Дэн Сяопин проспектисинде Абакан көчөсүнөн П.Лумумбага чейин  жүргүзүлүп. 89 даана жарнамалык баннер жана 2 даана бекемдик өлчөгүч демонтаждалды.

Муниципалдык инспекция тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык 3 протокол түзүлгөн.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды лед экрандарга алмаштырууну, бул ишти 31-августка чейин бүтүрүүнү тапшырган.

«Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин иретке келтиргиле. Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым», — деп билдирген өлкө башчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM