Биз менен байланышыңыз

Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары менен жолугушту

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 115 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров салыктык башкарууну жакшыртуу сыяктуу бир катар координацияланган иштердин натыйжасында акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү орто эсеп менен 7%га жакындаганын айтты.

Мындан тышкары, өзгөчө ири долбоорлорду ишке ашырууга, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу кеп козгоду.

Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча пикири менен бөлүшүп, Эл аралык валюта фонду жүргүзгөн программалардын алкагында кызматташууга дайым даяр экендигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM