Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик цирктин оңдоодон кийинки ачылышы ноябрда болот

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 163 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Бишкек мэриясына жана куруучуларга оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүү, сапаттуу жүргүзүү, өзгөчө цирктин айланасы жеке тараптарга ижарага бербилбеши керектиги эскертти.

Маалыматка караганда, цирктин ачылышы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында мамлекеттик цирктин имаратынын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, оңдоону тапшырган.

Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM