Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-Түрк достугу» ооруканасына Эрдогандын ысымы берилди

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 153 | 0

Бишкектеги «Кыргыз-Түрк достугу» мамлекеттик ооруканасына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мындан ары медициналык борбор «Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы» деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Борбордо медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү бар.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт. Мекеме 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Келишимге ылайык, оорукананы Кыргызстан менен Түркия 3 жыл чогуу башкармак. Бирок 2022-жылдын февраль айында Түркия бийлиги башкарууну Кыргызстанга толук өткөрүп берип, жетекчилигине Осмонали Масалиев дайындалган. 2022-жылы оорукана Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM