Биз менен байланышыңыз

Такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 166 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси айдоочуларына көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы учурда унаанын техникалык абалына көңүл бурбастан, айдоочулук тажрыйбасы жок, тийиштүү докумменттерди чогултпастан, такси кызматына тиркемелер аркылуу жеңил туташып, жүргүнчүлөрдү комерциялык жолдор менен ташып жүргөн такси айдоочулары көбөйүүдө.

Бул айдоочуларга көзөмөл жок болгондуктан, эмгек жана эс алуу режимдерин сактабай, энергетикалык суусундуктарды ичип алып, чарчаңкы абалда суткалап уктабай, жүргүнчүлөрдү коопту абалда ташуу учурлары көп болуп, кесепети жол кырсыктары менен коштолгон учурлар кездешүүдө.

Жарандар тейлөөсүн жакшыртуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында, такси кызматынын айдоочулары тарабынан жол эрежелерин бузуу учурлары катталса 0777 102-102 ишеним номуруна кайрылса болоорун эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM