Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстандын командасы Иранга жеңилди

Кыска кабар , Спорт | 6 Сен 2024 | 377 | 0

5-сентябрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында Иран менен ойноду.

Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилди.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө фан-зона уюштурулду.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Буга чейин Кыргызстан менен Иран улуттук курамалардын төрт жолу ойношкон. Баардык беттеште Иран курамасы жеңген.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Акшумкарлар кийинки беттешин Бишкекте 10-сентябрь күнү Өзбекстанга каршы өткөрөт. Оюн борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 20:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM