Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк чемпионатта (U17) байге уткан балбандарга акчалай сыйлык тапшырылды

Кыска кабар , Спорт | 4 Сен 2024 | 378 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген балбандар менен жолугушту.

Иорданияда өткөн Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Курстанбек Исаков, Өмүрбек Асан уулу, Рустамжан Кахаров алтын медалга ээ болушса, Марлен Абдраимов коло медалдын ээси болду. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Кутман Калбаев күмүш медаль, Бекжан Бейшембаев коло медаль жеңип алышты.

Мамлекет башчы сөз сүйлөп жатып, спортчуларды ар кандай чөйрөлөргө, криминалдарга, саясий оюндарга аралашпоого чакырды.

«Мына ушул жерден жалпы Кыргызстандын жаштарына кайрылгым келет. Спорт менен машыккыла. Спорт – ден соолуктун булагы, спорт – дүйнөнүн элчиси деп бекер айтылган эмес. Албетте, билимди да биринчи орунга койгула. Ар кандай ою жаман топторго жетеленип кетпегиле» , — деди ал.

Дүйнө чемпионатынын байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттар тапшырылды.

Балбандарга: 

Курсантбек Исаковго — 600 миң сом;

Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом;

Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом;

Марлен Абдраимовго — 200 миң сом;

Кутман Калбаевге — 400 миң сом;

Бекжан Бейшембаевге — 200 миң сом.

Машыктыруучулар курамына:

улук машыктыруучу Азат Мирахимовго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Рустам Кочаровго — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Абдурашит Мамасабировго — 100 миң сом;

улук машыктыруучу Дастан Муктаровго — 150 миң сом;

жеке машыктыруучу Айбек Бердалиевге — 100 миң сом;

жеке машыктыруучу Ратбек Мамбетовго — 100 миң сом берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM