Биз менен байланышыңыз

Нарында биринчи жолу эт фестивалы өтөт

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 373 | 0
Сүрөт: Sputnik

Нарында 7-сентябрда биринчи жолу эт фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

«Эт Fest» аталышындагы иш-чарада мейманканалардын ээлери жана шаар коноктору үчүн эттен жасала турган тамактарды даярдоо боюнча мастер-класстар өтөт.

Бул иш-чара NURP программасынын маалымат кампаниясынын алкагында Accelerate Prosperity акселератору тарабынан ишке ашырылып жатат.

Фестивалда өлкөнүн ар бир облусунун тамактарын камтыган «Жапайы кечки тамактар» иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири, белгилүү ашпозчу Данияр Токтосунов мастер-класс өтөт.

Туризм тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Нарын шаарында бизнес өнүктүрүү темасында панелдик талкуу өтөт. Алардын ичинде «Теңир-Тоо» дестинациясынын аткаруучу директору Гүлнара Кенжекараева, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири As a Nomad компаниясынын өкүлү Сергей Макаров жана башкалар бар.

Иш-чара туризм тармагындагы ишкерлер менен тыгыз иш алып барууга жана бизнесин өнүктүрүүгө инвестиция салууга багытталган туристтик акселерация программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

«Нарын жана Нарын облусунун туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар жана биз чын жүрөктөн ишенебиз, биздин фестиваль нарындыктардын жана иш-чаранын конокторунун көңүлүн туристтерди тартуу жана бизнес өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө бура алат. Иш-чаранын ийгиликтүүлүгү Нарындын кооздугу жана жаңы продуктыларды түзүү идеясын канча ишкерлер кабыл ала тургандыгынан көз каранды болот», — деп белгиледи Accelerate Prosperity акселераторунун байланыш боюнча менеджери Нурайым Рыскулова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM