Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовго «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылды

Кыска кабар | 31 Авг 2024 | 150 | 0

Бүгүн жаңы «Ынтымак Ордо» комплексинде президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Мамлекеттик жана партиялык ишмер Болот Мамбетовго көзү өткөндөн кийин «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Болот Мамбетов 1905-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жерүй айылында туулган. Ал 1961-68-жылдары Министрлер Советинин төрагасы болуп турган.

Экономика илиминин кандидаты 1928-жылы Оренбургда жумушчу факультетин, 1935-жылы Москва гидротехникалык институтун бүткөн.

1935-40-жылдары Кыргызстандагы суу чарба жана ирригация курулуш мекемелеринде иштеген. 1954-64-жылдары Кыргыз Республикасынын суу чарба министри да болгон.

Үч Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM