Биз менен байланышыңыз

«Жунда» мунай заттарын өндүрүүчү заводу кайра иштеп баштады

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 138 | 0

Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган «Жунда» заводун ишке киргизип, аны модернизациялоого “мезгил кутусун” салды.

Бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында “Жунда” заводунун ишке киргизүү жана аны модернизациялоо долбоорунун алкагындагы курулушка “мезгил кутусун” салуу аземи болду.
Аталган ишкана төрт жылдан бери иштебей турган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктаган.
Жылдын акырына чейин завод толук кубаттуулукта иштей баштайт, бул жылына 800 миң тонна чийки затты түзөт. Ошол эле учурда 400гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты негизинен өндүрүштөрдү ачууга багытталарын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM