Биз менен байланышыңыз

«Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиеванын өмүр баяны

Блог | 15 Авг 2024 | 398 | 0

Бүбүйра Кыдыралиева  — 1928-жылы туулган. Кыргызстанда Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалымат берген инсан. Кыдыралиева 96 жашында кечээ, 14-августта ааламдан өттү. Ал советтик доордогу 1937-38-жылдары ишке ашкан сталиндик репрессия тууралуу маалыматтарды Кыргызстан эгемендик алган жылы атайын кызматка билдирип, натыйжада Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов сыяктуу коомдук ишмерлердин сөөктөрү табылган. Бүбүйра Кыдыралиеванын бул эрдиги үчүн туңгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда “Эрдик” медалы берилген.

Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн.

Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган. Бүбүра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

 «Чоң-Ташта» болгон кайгылуу окуя

Совет мезгилинде эл арасында эң мыкты эс алуучу жай катары кеңири белгилүү болгон «Чоң-Таш» спорттук-лыжалык базасынын имаратында ХХ кылымдын 30-жылдарында ГПУ-МВДнын дачасы болгон. Ал дачанын жанында жардамга келишкен чехтер салган кирпич бышыруучу цех жайгашкан.

Бүбүйра Кыдыралиеванын атасы Абыкан Кыдыралиев ошол дачада 1932-жылдан 1940-жылга чейин кароолчу болуп иштеген. Бүбүйра апанын эскерүүсү боюнча, 1938-жылы кыш эрте түшүп, суук катуу болот. Ноябрдын баш ченинде Абыкан Кыдыралиев үй-бүлөсүн шашылыш чогултуп, начальниктер бул жерден тез арада кеткиле деп буйрук кылганын айтып, Кашка-Суудагы досунукуна бир нече күнгө жашай турганы алып кетет.

«…1938-жылдын 5–8-ноябры. Ал кезде Фрунзе деген аталыштагы борбордун Токтогул жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан шаардык түрмө камалгандарга жык толгон. Алардын арасында бир жылдан бери суракта жатышкан Кыргыз ССРинин жетекчилери, кыргыздын кыраан уулдары бар эле. Күн тартибинде мына ошолордун баарын тез арада жок кылыш маселеси турду. Себеби мынча адамды өлтүргөн соң, элге алардын жигин билдирбей, эч кимге көрсөтпөй көөмп салыш керек эле да. Мына ошондо ГПУнун чоңдорунун эсине Чоң-Таш айылынын балдары менен бирге эселек кыз Бүбүйра да жашынмак ойноп жүргөн кирпич бышыруучу цех түшөт. Дапдаяр чуңкур[3]

Өлтүрүлгөн адамдардын сөөктөрүн жүк ташуучу машинелерге жүктөп, үстүн брезент менен жаап, түрмөнүн короосунан түндөп алып чыгышат. Чоң-Ташты көздөй бет алган машинелер өтө турган жолдо жайгашкан айыл-кыштактарга (азыркы Таш-Дөбө) милиционерлерден күзөт коюлуп, айыл тургундарына эшикке чыгууга тыюу салынган. Ошонда да адамдар анын айласын таап, жок дегенде жыйылып турган тезектердин далдаасынан тоо тарапты көздөй машинелердин өтүп баратканын көрүшкөн. Ага чейин эл арасында кыргыздарын каймактарын терип атып өлтүрүп, шаардын сыртына алып барып көмүшөт экен деген күбүр-шыбыр сөз жүргөн эле. Үй-бүлөсүн Кашка-Суудагы досунукуна жеткирген Абыкан 2–3 күндө бир жолу, чоңдору чакырганда барып дачадагы чарба жумуштарын бүтүрүп келчү. Кайтып келгенде көңүлү чөгүңкү, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, өзүнчө кападар болуп жүрдү. Арадан 15–20дай күн өткөндөн кийин ал үй-бүлөсүн кайра Чоң-Ташка алып кетмей болду. Кетер алдында ал аялына жана балдарына:

– Үйгө барганда ар кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Силер эч нерсе болбогондой, мурункуңардай эле жүрө бергиле. Эч кимден эч нерсе сурабагыла, ― деп катуу эскертти. Чоң-Ташка жакындаганда эле Бүбүйра кирпич цехинин ордуна дөбөчө туруп калганын көрөт. Бала неме, атасынын эртең мененки эскерткенине карабастан:

– Ата, завод кана? ― деп сурайт таң калып.

– Кызым, завод жок. Эч нерсе сурабагыла дебедим беле. Бүбүйра, сен баарын билгиң

келген, баары-жокко кызыккан кыз экениңди билем, балам. Бирок, бирөөңөр эле кымындай шек алдырсаңар, мен баш болуп баарыбыз тең өлөбүз. Ошону каалайсыңарбы?.. Биз демибизди ичибизге алып, дым дебей отуруп калдык. Айыл тургундары түнкүсүн кирпич цехинин ордундагы дөбөгө иттер чогулуп келип улушкандарын, айлуу түндөрдө дөңдөн жарык чыкканын көрүшөт. Ошондой учурларда Абыкан бекинип барып куран окуп келгенин, көз жашын токтото албай ыйлаган кездерин, деги эле кулк-мүнөзүнүн өзгөрүлүп кеткенин үй-бүлөсү байкайт. Жаз келип, күн жылый баштаганда баягы дөбөдөн адам чыдап тура алгыс жыт чыга баштаган…

Бул жерде кандайдыр-бир сыр бар экенин купуя сезген Бүбүйра атасынан болуп жаткан кубулуштардын себептерин сурай берет, бирок атасы баягы эле коркуткан сөзүнөн бөлөк эч нерсе айтчу эмес. Ошентип арадан бир топ жылдар өтөт.

1973-жылы Абыкан карыя өлүм алдында жатып кызы Бүбүрага сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди эч кимге айтпай же көрсөтпөй кетип баратканына өкүнгөнүн айтат:

–   Кызым, ал жерди сен гана билесиң. Кудай буюрса, заман өзгөрөр, ошондо жазыксыз шейит кеткендердин бала-чакасына, коомчулукка билдирип айт. Менин мойнумда карыз болуп калбасын, ушул аманатымды сага тапшырдым, кызым…»,  — деп эскерген ошол кандуу жылдарды.

Болот Абдрахманов менен жолугушуусу

1991-жыл… «Кайра куруу» жүрүп турган кез. Ошондо эми мезгили келди окшойт деген ойдо Бүбүра эже сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктары көмүлгөн жайды көрсөтүп бере ала тургандыгы жөнүндө Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) билдирет. А бирок, биринчиден, КГБнын архивдик документтеринде репрессиялангандар көмүлгөн жайлар көрсөтүлгөн эч кандай маалымат болбогондуктан, экинчиден, Кыргызстандын КГБсы ошол кезде Москвадагы коогалаңдуу ГКЧПны колдогондуктан, анын жетекчилиги бул билдирүүгө анчалык деле маани берген эмес. Анткени эски системаны колдогон коммунисттер кайрадан бийликке келип калышса, репрессия темасын көтөрүп чыгуунун зарылдыгы жок экени айгине иш да.

Бүбүйра Кыдыралиева Чоң-Таштын кандуу сыры тууралуу башка чоң кызматкерлерге, шейит кеткендердин балдарына да кат жазып билдирет. Бирок ага эч ким ишенбейт. Репрессиянын курмандыктары ушул борбор шаардын айланасына эле көмүлүптүр деген каңшаар эл арасында мурдатан эле айтылып жүргөнү менен, анын так ордун эч ким айта алган эмес. Ошондуктан Бүбүйра Кыдыралиевага ал кайрылгандардын эч кимиси ишенбей, көңүлкош болуп коюшат. Ошондо дагы, бир жагынан, атасынын керээзин аткарыш үчүн, экинчи жагынан, эселек кезинде өз көзү менен көргөндөрүнө ынангандыктан, үчүнчүдөн, адамдык парзын орундатыш үчүн Бүбүйра Кыдыралиева бул ишти аягына чыгарууну көздөйт.

Ошондой ойдо жүргөн учурунда КГБнын кызматкери капитан Болот Абдрахмановго туш болуп калат. Сөөктөр көмүлгөн жерлерди издөө жана изилдөө анын иш-милдетине кирбесе дагы, Бүбүйра апанын айткандарына ынанган капитан Абдрахманов өз ыктыяры менен Чоң-Таштын сырын ачууга киришет. Ошентип 1991-жылы апрель айында КГБнын кызматкерлери Бүбүра Кыдыралиевага жолугушуп, Чоң-Ташка барышат. Бүбүйра апа айылдын жогору, тоо тарабындагы баягы кирпич бышыруучу цех бастырылган дөбөнү көрсөтүп берет.

Казуу иштери 1991-жылдын июнь айында жүргүзүлөт. Чоң-Таштын каргашалуу кандуу сыры ачылып, бул массалык көмүү 1938-жылгатаандык экендиги далилденген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM