Биз менен байланышыңыз

ӨКМ унаа жолдордо сел жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин эскертти

Кыска кабар | 7 Авг 2024 | 163 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-8-август күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөдөгү бир катар унаа жолдорго сел суулары жүрүп, таш кулашы мүмкүн экенин билдирди.

Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

Ош – Сары – Таш-Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

Балыкчы –Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

Мырзаке –Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

Кербен–Ала-Бука–Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

Буга чейин министрлик 7-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Бийик тоолордо жүрүш жасоо жана саякаттоо, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдыруу сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM