Биз менен байланышыңыз

«Старый Толчок» базарынын мүлк комплекси мамлекетке өттү

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 169 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында «Старый Толчок» – «Евразия» базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Тактап айтканда, айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК жерлерди, имараттарды жана курулуштарды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM