Биз менен байланышыңыз

УКМК: Милиция кызматкерлери тургундардын унаасына баңгизатын таштоого мажбурлашкан

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 302 | 0

Укук коргоо органдарындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам–издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуу үчүн акча каражатын опузалап талап кылган учурлар аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Тактап айтканда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан.

Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз кармап, акча каражатын талап кылуу максатында ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.

1-августта УКМК Ош ОИИБнин ички чалгындоо кызматы менен бирге Өзгөн районунун аймагында Ош милициясынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкерин Т.И.Сни кармады.

Аларды тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM