Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Ат-Башыдагы эт жана сүттү кайра иштетүүчү заводдорго барды

Кыска кабар | 5 Авг 2024 | 125 | 0

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Ат-Башы эт комбинаты» жана «Ат-Башы сүт» ишканаларынын, Ат-Башы айыл аймагындагы машина-трактордук станциясынын (МТС) ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Ат-Башы эт комбинаты» ишканасынын курулушу быйыл аяктады. Аянты 4500 чарчы метрди түзгөн эт комбинатында мал союучу жай жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана курулган. Анда учурда эт азыктарын консервациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Мал союучу жайдын сыйымдуулугу бир күндө 30 баш бодо мал жана 160 кой-эчкини түзөт.

Ал эми «Ат-Башы сүт» заводунун суткасына 10 миң литрге чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Завод заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган. Өндүрүлгөн продуктылар өсүмдүк майларын колдонбостон, органикалык сүттөн гана жасалат. Бүгүнкү күндө завод сүт, быштак азыктарынын бир нече түрүн, сыр, быштак, каймак жана эритилген майды өндүрөт.

«Ат-Башы» МТСи мамлекеттин колдоосу аркылуу лизинг жана башка долбоорлор аркылуу айыл чарба техникаларын жеңилдетилген шарттарда алып, өзүнүн техникалык паркын толуктап келет. МТС 1500 гектар жер аянтына чейин тейлеп, агротехникалык кызмат көрсөтөт.

МТСтин карамагында 36 айыл чарба техникасы, анын ичинде 11 трактор, 7 дан комбайны, 3 жүк ташуучу унаа жана 15 башка техникалар бар.

Бакыт Төрөбаев «Ат-Башы» муниципалдык ишканасын жаңы техникалар менен толуктоого мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлөрүн айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM