Connect with us

Самидинов: Мамлекеттик авиакомпания ачылса билеттердин баасы арзандайт

Кыска кабар | 31 Июл 2024 | 250 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту жеке компаниялар койгон билет баасына кийлигише албайт. Бул тууралуу аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында мамлекеттик авиакомпания ачылган соң, андагы билет баалары азыркы бааларынан кыйла төмөн болот.

«Жеке компаниялардын каржы жактарына кийлигише албайбыз. Алар билет бааларын өз алдынча белгилешет. Биз президенттин тапшырмасы менен сентябрь айында мамлекеттик авиакомпания ачканы жатабыз. Мен ишенимдүү түрдө айта алам, ал жакта билет баасы, азыркы баасынан кыйла төмөн болот”, — деди Самидинов.

Соңку мезгилде ички авиакаттамдардагы билет баасына нааразычылыктар көп айтылып келет. Учурда Ош-Бишкек-Ош багыты боюнча билет баасы 3800 сомдон -4900 сомго чейин, ал эми Бишкек-Раззаков-Бишкек каттамы боюнча билет баасы 6400 сомдон болууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM