Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Ленин районунда курулушка байланыштуу эки кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 251 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында шаар куруу жана архитектура багытында жалпы 15 текшерүү жүргүзүлүп, 27 мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир каршылык билдирүү, 3 сунуштама, 8 талап жана 2 эскертүү келтирилип, 2 кылмыш иши козголгон.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 3 кызмат адамы тартиптик чарага тартылды.

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын, Мамлекеттик экспертиза департаментинин жана башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү мекемелердин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, үчүнчү жактарга курулуш чөйрөсүндө артыкчылыктарды камсыз кылуу максатында, шаар куруу документтерине атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен Ленин районунун аймагында 10 кабаттуу мейманкана комплексин курууга уруксат документтерди мыйзамсыз даярдап беришкендиги аныкталган.

Натыйжада курулуштун тыгыздыгынын, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфраструктуранын сапатынын ченемдик деңгээли камсыз кылынбай, өрткө каршы коопсуздугунун талаптары сакталбай, чектеш болгон турак үйлөрүнүн жашоочуларына зыян келтирилген.

Райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM